Турат Сагындыков Каржы полициясынын төрага орун басарлыгынан бошотулду

Автор -

Премьер-министр Сапар Исаков кол койгон буйрукка ылайык Сагындыков Турат Арстанбекович караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду, деп билдирет өкмөттүн басма сөз кызматы.

Дагы бир буйругу менен Сапар Исаков Мыктыбек Абировду Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары кылып дайындады.

Бөлүшүү