Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы менен «Адеп Башаты» коомдук прогрессивдүү фонду биргеликте жыл сайын жалпы республикалык Курани Карим жарышын өткөрүп келет. Ушу жылкы жарыш сегизинчи ирет өткөрүлмөкчү.
VIII республикалык Курани Карим жарышынын облустардан тандап алуу туру 2018-жылдын 11-мартында Бишкек шаарында, жана облустардын борбор шаарларынын мечиттеринде болуп өттү. Республика бою жалпы 300 жакын Куранды жатка билген балдар катышты. Шарт боюнча катышуучунун жашы 25-тен жогору болбошу керек. Тандоо турларынын негизинде, облустарда биринчиликтерди алган балдар республикалык финалга жолдомо алышты.
Жарыш финалы 2018-жылдын 26-мартында Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда өтөт. Финалга облустардын жеңүүчүлөрү катышып, жалпы республиканын мыктылары аныкталат.
Куран жарышы 3 түрдө болуп өтөт:
- Курандын үчтөн бир бөлүгүн жатка билгендер (10 пара);
- Курандын үчтөн эки бөлүгүн жатка билгендер (20 пара);
- Куранды толук жатка билгендер (30 пара).
Жеңүүчүлөргө акчалай байге жана катышуучуларга кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылат.