Коопсуздук кеңеши Соцфондунун айрым жетекчилерин тартип жоопкерчилигине чакырууну өкмөткө сунуштады

Автор -
206

Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобунун отурумунда Социалдык фондунда системдүү коррупцияны жоюу боюнча кадам сайын иш-чараларды ишке ашыруунун жүрүшү каралды.

Жумушчу тобунун мүчөлөрү Социалдык фонддо системдүү коррупцияны жоюу боюнча жогоруда айтылган Планды ишке ашырууну талдоого алып, ага баа берүү экинчи ирет жүргүзүштү.

2018-жылдын 12-мартында жүргүзүлгөн акыркы байкоонун натыйжасында мерчемделген 25 антикоррупциялык иш-чаралардын тогузу (48%) аткарылган, ал эми он экиси (36%) аткарылган эмес, кошо атакруучулардын деңгээлинде төрт (16%) иш-чара аткарылбай калган.

Жумушчу тобунун мүчөлөрү иш-чаралардын көпчүлүгү кошо аткаруучу мамлекеттик органдардын (Эмгек жана социалдык өнүктүрүү, Саламаттык сактоо, Илим жана билим берүү министрликтери, Мамлекеттик каттоо кызматы жана «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасы) тарабынан аткарылбай калганын белгилешти. Социалдык фонддун жетекчилиги бул органдардын ишин ойдогудай координациялап, аларды коррупцияга каршы багытталган чараларды турмушка ашырууга багыттай алган эмес.

Жумушчу тобунун мүчөлөрү узак мезгилден бери мурда аткарылбай калган коррупцияга каршы иш-чаралар дагы эле аткарылбай жатканын белгилешти.

Бул маанилүү маселеге жетиштүү көңүл бурулбай жатканын жана аткаруу тартибинин төмөндүгүн көрсөтөт.

Жумушчу тобу КР Социалдык фондунун башкармасынын төрагасы Теңизбек Абжапаровго жана Планды кошо аткаруучулар болуп эсептелген мамлекеттик органдардын жетекчилерине аткарылбай келаткан коррупцияга каршы багытталган иш-чараларды турмушка ашырууну активдештирүүнү сунуш кылышты.

Андан тышкары, Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобу коррпуцияга каршы иш-чараларды ишке ашыруу боюнча зарыл натыйжалардын жоктугу жана ведомстволоор аралык жумушчу тобунун ишин жетиштүү жөнгө сала албагандыгы үчүн КР Соцфондунун жана башка мамлекеттик органдардын айрым жетекчилерин тартип жоопкерчилигине чакырууну КР Өкмөтүнө сунуш кылды.

Ошону менен бирге, Планда белгиленген иш чараларды аткаруунун мөөнөттөрүн создуктурганы жана ведомстволор аралык жумушчу тобунун ишинде оң натыйжалардын жоктугу үчүн иш-чараларды кошо аткаруучу мамлекеттик органдардын – Эмгек жана социалдык өнүктүрүү, Саламаттык сактоо, Илим жана билим берүү министрликтери, КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жана «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасынын жетекчилерин тартип жоопкерчилигине тартуу маселесин кароо КР Өкмөтүнө сунуш кылынды.

КР Башкы прокуратурасына коррупцияга каршы иш-чараларды талаптагыдай аткарбагандыгы жана тийиштүү отчеттерду даярдоо маселесине формалдуу мамиле жасагандыгы фактысы боюнча жогоруда көрсөтүлгөн Планды аткаруучу жана кошо аткаруучу мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына белгиленген тартипте прокурордук реакция кылуу актысын киргизүү сунуш кылынды.

Бөлүшүү