Ошто Ак-Буура дарыясынын үстүнө жайкы сахна курулду

Автор -
563

29-мартта Ош шаарында Ак-Буура дарыясынын үстүнө курулган жайкы сахнанын ачылыш аземи болду. Ага премьер-министр Сапар Исаков, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов шаардын тургундары жана меймандары катышты.

Премьер-министр жайкы сахнанын кызыл тасмасын кесип, шаардыктарды жаңы курулуш объектинин ачылышы менен куттуктады.

Иш-чаранын жүрүшүндө, профессионал дизайнерлердин этно-стилдеги улуттук кийимдеринин коллекциясы көрсөтүлүп, шаардыктар үчүн КРнын опера, эстрада, фольклордук жанрдагы белгилүү жылдыздарынын, белгилүү бийчилердин жана 200 комузчунун коштоосунда концерттик программа тартууланды.

Дарыянын үстүнө курулган подиум-көпүрө маданий эс алуучу иш-чараларды өткөргөн өзүнчө жай болот. Анда улуттук маданий көргөзмөлөр, концерттер, майрамдык салтанаттар белгиленмекчи.

Курулуштун тендердик баасы 16,4 миллион сомду түзүп, узундугу 60, ал эми туурасы 40 метрди түзөт.

Айта кетсек, акыркы 3 жылдын ичинде Ош шаарында 3 чоң көпүрө курулуп, пайдаланууга берилди. А.Навои көчөсүндөгү көпүрөнүн курулушуна бөлүнгөн каражатты максаттуу жана үнөмдүү пайдаланылып, үнөмдөлгөн акча каржаттын эсебинен Н.Исанов көчөсү менен Ленин көчөсүн бириктирген көпүрөнүн, Сай-Бою жана Тилеке Баатыр көчөлөрүн бириктирүүчү көпүрөнүн жана жаңыдан пайдаланууга берилген жайкы сахнанын курулушу ишке ашты.

Бөлүшүү