Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын оюнчулары жана машыктыруучулары менен жолугушту.
Мамлекет башчысы команданы 2019-жылы Бириккен Араб Эмираттарында өтүүчү Азия кубогуна жолдомо жеңип алышы менен куттуктап, спортчуларга бул ийгилиги үчүн ыраазычылык билдирди.
«Бул чоң жетишкендик жана чоң ийгилик. Сиздер эң мыкты сапаттарыңарды көрсөттүңөр. Ар бириңерге кандай кыйын болгонун, тандоо этабы канчалык оор экенин билебиз жана сиздерге дайыма күйөрман болдук. Кыргызстан курама командасы акыркы мезгилде ушундай жакшы оюнду бекеринен көрсөтпөгөнүн бүт дүйнөгө далилдедиңер. Бул татаал болду, бирок сиздер өзүңөрдүн эң мыкты сапаттарыңарды көрсөттүңөр», – деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Президент тарбиялануучуларына бүт жан-дилин, билимин, эмгегин жана тажрыйбасын жумшаган башкы машыктыруучу Александр Крестининдин өзгөчө салымын белгиледи.
«Сиздер дүйнөнүн эң мыкты жүз командалардын катарына киргениңерге кубанычтабыз, биздин континенттин 47 командасынын ичинен сиздер 12-орундасыңар. Бул дагы кыска аралыктагы абдан чоң жетишкендик», – деп белгиледи мамлекет башчысы.
Президент футбол боюнча Кыргызстандын курама командасына 1 миллион сомго сертификат тапшырды жана мамлекет спортчуларды ар дайым колдойт деп ишендирди.
Команданын оюнчулары болочоктогу маанилүү таймаштарда сөзсүз жакшы натыйжаларга жетишебиз деп президентти ишендиришти жана ага символикалуу түрдө футбол тобун жана Футбол федерациясынын символдору тартылган сүрөттү тартуулашты.