Республиканын беш облусунда 2017-жылы Жайыт пайдалануучу бирикмелердин алдында 104 коомдук үрөн фонду түзүлдү. Бул фонддор муктаж болгон фермерлерге үрөн алып келип турат. Коомдук үрөн фонддор “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү” долбоорунун колдоосу менен Ысык-Көл облусунда—31, Нарында – 32, Баткен облусунда – 7, Ошто – 16, Жалал-Абадда 18 түзүлдү, деп билдирет Айыл-чарба министрлиги.
Ар бир фермер коомдук үрөн фондунан алган үрөндү түшүмдөн эки эсе кайтарып берет. Мындай принцип фонддун чыгымдарын жабууга мүмкүнчүлүк түзүлүп, бенефициарлардын санын көбөйтүп, көлөмүн кеңейтет.
“Ватан” сорту 2017-жылдын түшүмүнүн биринчи өндүрүмү Жалал-Абад облусуна бардыгы 72 тонна түшүрүлөт. “Вакула” сорту 2017-жылдын түшүмүнүн биринчи өндүрүмү Ош облусуна 64 тонна, Баткен облусуна 28 тонна жана Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна 32 тонна жеткирилет.
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна арпанын биринчи өндүрүмү “Убаган” сорту 64 тонна, ал эми бул региондун калган райондору “Приазовский 9” сортунун биринчи түшүмүнөн 184 тонна түшүрүлдү.
Нарын облусуна дагы “Приазовский 9” сортунун биринчи түшүмү 2017-жылга 224 тонна жеткирилген.
Жалпы 668 тонна жаздык арпанын үрөнү 14 млн сомдон ашык акча каражатына сатылып алынат.
Коомдук үрөн фондунун түзүлүшүнө “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү -1, 2” долбоорлорунун өнөктөшү “Кыргыз жайыты” Кыргызстандын жайыт пайдалануучулар улуттук ассоциациясы түздөн-түз катышты. ОРСП менен ассоциациянын ортосунда меморандумга кол коюлуп, үрөн фондунун өнүгүшү, коомдук үрөн фондусунун уставы, дан жана тоют өсумдүктөрүн өстүрүү боюнча бизнес-пландын концепциясы жана колдонмосу иштелип чыкты.
Коомдук үрөн фонддун өнүгүшүнө мындан кийин Жайыт комитеттери жооптуу болушат. Жүргүзүлүп жаткан ишке көзөмөл кылуу үчүн Жайыт комитеттеринин башчыларынан, жергиликтүү кеңештен, аксакалдар сотунан, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн, аялдар жана жаш уюмдардын мүчөлөрүнөн турган байкоочу кеңеш түзүлдү.