Жүзүмө түкүрбө, мекендешим!

Автор -
382

Коомубузда түкүрүү, таштанды таштоо жана коомдук жайларда уят сөз сүйлөө сыяктуу терс көрүнүштөрдөн арылтууга багытталган «Мекенибиз жүзүбүз!» (Жүзүмө түкүрбө, мекендешим!) аталышындагы акция Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлар арасында эстафета түрүндө старт алды.

Окуу жайлар аралык улана турчу саамалык алгач 31-март күнү Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өттү. Окуу жайдын жыйындар залында башталган иш-чарага окуу жайдын студенттери, жаштар уюмдарынын өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.

«Ыйман» фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков иш-чараны ачып жатып.

«Бул бир эле жолку акция же флешмоб эмес. Бул терс адаттарды бардыгыбыз таштагыча уланта берчү жоопкерчилик. Кайда болбойлу түкүргөндөргө, таштанды ыргыткандарга, адепсиз сүйлөгөндөргө жылуу сөз менен: «Мекенибиз жүзүбүз, булгабайлы» деп эскертели. Биз эскерткен адамдар да бизге кошулуп, бүткүл элдик адепке, ыйманга чакырган кыймылга айланалы», – деп кайрылды.

Демилгени колдоп келген КРнын Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова сөз алып: «Ар бирибиз сыймыктанаарлык керемет жерибиз бар. Бирок, коомубузда таралган терс көрүнүштөр жерибизге келген чет элдик конокторго жакшы эмес пикир калтырып атканы чындык. Анын тазалыгы, кийинки муунга татыктуу өткөзүп берүү баарыбыздын милдетибиз», – деп жаштарды мекенди сүйүү менен анын тазалыгы жана кадыр-баркы үчүн дайым аракетте болууга чакырды.

Ошондой эле «Дил мүрөк» адеп-ахлак, маданият борборунун мүдүрү Акматов Темирлан мырза да сөз сүйлөп, мындай демилгелерди жайылтуу зарылдыгын белгиледи.

Эстафета Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинен Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине өткөзүлүп берилди.