Баш прокурор Индира Жолдубаева кызматынан алынды

Автор -
391

Бүгүн 11-апрелде, Жогорку Кенештин депутаттары башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан алуу маселесин талкулап, Президент Сооронбай Жээнбековдун сунушун колдоду.

Кызматтан кетүүсүнө 105 депутат добуш берсе, каршы — 2 добуш топтолду.

Эскерте кетсек, Индира Жолдубаева 1979-жылы 11-апрелде Бишкек шаарында туулган. 2002-жылы Кыргыз улуттук университетин бүтүргөн. Иш жолун ошол жылы «Сорос-Кыргызстан» фондунда юрист-кеңешчи болуудан баштаган. “Манас” эл аралык аба майданында, «Компаньон” микрокредиттик компаниясында юрист, “ДЭКА” жабык акционердик коомунун аткаруучу директору болуп иштеген.

Мамлекеттик кызматка 2009-жылы кирип, Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген. 2010-жылы бийлик алмашканда ошол кездеги өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевдин аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчылыгына дайындалган. 2012-жылдан 2015-жылга чейин президенттик аппараттын сот реформалары жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүн жетектеп келген.

Бөлүшүү