Бишкек шаарынын Лермонтов көчөсүндөгү газ өткөргүчүндө пландалган ремонт иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу, 12-апрелден 31-майга чейин Лермонтов көчөсүнүн Жибек-Жолу проспектисинен Салиев көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде, “Газпром Кыргызстандын ” басма сөз кызматынан билдиришти.
Бул оӊдоо иштеринин максаты газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу.