Бишкекке электрондук билеттештирилген жаңы автобус жана троллейбустар келет 

Автор -
208
Сүрөт: Saat.kg

Бишкекке жылдын аягына чейин 150 жаңы автобус жана 52 троллейбус алынып келинет. Бул тууралуу бүгүн Эл аралык мыкты муниципалдык тажрыйбалар форумунун жүрүшүндө Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов билдирди.

Мэрдин айтуусунда, бул жылы өлкө боюнча коомдук автоунааларга электрондук билеттерди киргизүү пландалып жатат.

“Электрондук билеттештирүү — бул билет алуунун эң жөнөкөйлөштүрүлгөн түрү, телефонго бирдик салгандай эле. Терминалдар аялдамаларга орнотулат. Учурда биз муну активдүү түрдө ишке киргизүүдөбүз. Жаңы аялдама, автобус жана троллейбустар ишканадан билеттерди окуй турган жабдыктары менен даяр болуп келет”,- деп билдирди Ибраимов.