Бүгүн, 11-апрелде, экс-президент Алмазбек Атамбаев Кытайдын башчысы Си Цзиньпин менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП) маалымат кызматынан билдиришти.
Жолугушуу маалында Атамбаев менен Цзиньпин эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелер менен стратегиялык өнөктөштүктүн өсүп бара жатканына токтолушту. Ошондой эле Кытай тараптан демилгеленген «Бир алкак – бир жол» форумунун алкагында кызматташуунун келечегин талкуулашты.
Эске салсак, КСДПнын төрагасы Азиялык Боао форумуна катышуу максатында 9-апрель күнү Кытайга учуп кеткен.