Өмүрбек Текебаевдин камерасындагы видеокөзөмөл алынат

Автор -

Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 11-апрелде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматтын төрагасы Талайбек Жапаровго соттолгон Өмүрбек Текебаев жазасын өтөп жаткан жайдан видеокөзөмөлдөөчү камераны мыйзам чегинде демонтаждоо мүмкүндүгүн карап чыгууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Аталган маселе Өкмөт башчы алдында «Ата-Мекен» парламенттик фракциясынын лидери Алманбет Шыкмаматов тарабынан кечээ, 10-апрелде, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин кеңешмесинде көтөрүлгөн.

Таалайбек Жапаров бул маселе чечилерин, видео-көзөмөлдү алып салуу боюнча Өмүрбек Текебаевдин өтүнүчү аткарыларын, видеокөзөмөл камеранын сыртына коюларын билдирди. Жапаров абактагылардын коопсуздугу үчүн видео-аудио көзөмөлдү камеранын ичине орнотууга мыйзам жол берерин өкмөт башчыга маалымдады.

Белгилей кетсек, «Ата Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев «Мегаком» чыры боюнча коррупцияга айыпталып, өткөн жылы февраль айында камалган. Аны менен кошо мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов да кармалган. Аларга орус жараны Леонид Маевскийден 1 млн. доллар пара алган деген айып тагылып, сот ар бирин сегиз жылдан эркинен ажыраткан.

Бөлүшүү