Мурадыл Мадеминов:Сот тармагын реформалоонун башында Атамбаев эмес, Текебаев турган

Автор -
209

Бүгүн, 11-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Мурадил Мадеминов «Сот тармагын реформалоонун башында Алмазбек Атамбаев эмес, Өмүрбек Текебаев турган», — деп билдирди.

«Депутаттарга эскертип коёюн, 2010-жылы экинчи революциядан кийин сот тармагын реформалоонун башында Атамбаев турган эмес, Текебаев турган», — деди Мадеминов.

Ал эми  депутат Алмамбет Шыкмаматов Мурадил Мадеминовко төмөнкүдөй жооп кайтарды.

«Мурадил Ганыевич, микрофонго чыкпай эле койсоңуз болмок экен. Сот реформасы боюнча парламент кеңеш түзгөн, ал кеңешти ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев жетектеген. Бул маселени токтотсок», — деди Шыкмаматов.