Сапар Исаков ӨКМге Өзгөндөгү кырдаал боюнча тапшырма берди

Автор -

Өкмөт башчы  Сапар Исаков бүгүн,  Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновго Ош облусунун Өзгөн районундагы турак-жайлардын жана башка курулуштардын суу астында калуусунун алдын алуу боюнча чараларды кабыл алууну тапшырды.  Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Өкмөт башчы  Республиканын аймагындагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга байланыштуу маселелер Өкмөттүн ишиндеги бирден-бир маанилүү багыттардан экенин баса белгилөө менен бирге ӨКМ өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча тыкыр талдоолорду үзгүлтүксүз негизде жүргүзүп туруусу зарыл экенин кошумчалады.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Премьер-министрге учурда Өзгөн районунда Кара-Дарыя дайрасынын ташкындоосунан улам 200 гектарга жакын айдоо аянты суу астында калып, ал эми 50 ашуун турак-жай чөгүп кетүү коркунучунда тургандыгын маалымдады.

Ошо менен бирге, Өкмөт башчы Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновго абал менен жеринде таанышып, турак-жайларды сактап калуу иштерин жеке көзөмөлгө алуусун тапшырды.