Тогуз-Торо районунда өрттөлгөн алтын өндүрүүчү фабриканы иликтөө башталат

Автор -

Өкмөт башчы  Сапар Исаков бүгүн, 11-апрелде, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы «Джи Эл Макмал Девелопинг» алтын өндүрүүчү фабриканы өрттөө фактысы боюнча тыкыр иликтөө жүргүзүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Сапар Исаков бул сыяктуу жеке менчикке кол салуу аракеттерине жол берилбеши керектигин белгилеп, аталган факты боюнча жоопкер бардык жактарга мыйзамга ылайык чаралар кабыл алынышы керектигин баса белгиледи.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине алтын өндүрүүчү фабриканын курулушуна долбоордук-сметалык документтердин жана тийиштүү уруксаат берүүчү документтердин болушуна карата тыкыр текшерүү өткөрүүсүн тапшырды.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү