Цукерберг биринчи жолу АКШнын конгрессинде көрсөтмө берди

Автор -

Ири ишкана Facebook`тун башчысы Марк Цукерберг биринчи жолу АКШнын конгрессинде көрсөтмө берди.

Цукерберг эки комитеттин юридикалык жана соода сатыктын алдында жооп берди. Цукербергге суроо берүүгө далаалаттангандардын саны жүздөн ашып, кошумча үстөлдөрдү коюуга аргасыз болушкан. Угуу беш саатка чейин созулган, бирок залда отургандар бардык суроолорго жооп алуу үчүн бул жетишсиз экендигин, эң аз дегенде эки жума керектигин айтып чыгышкан. Бул уктуруу көбүнчө акыркы Cambridge Analytica британ ишканасынын тегерегинде чыккан ызы-чуудан улам көтөрүлгөн. Уктурууга бардык каалоочулар катыша алгандыктан бул ирет зал толуп калган. “Facebook`ту өчүргүлө” деп протестке чыккан топтор да болгон.

Уктуруу учурунда Цукерберг Facebook колдонуучулар үчүн дайым бекер болорун айткан. Мындан сырткары Facebook реклама берүүчүлөргө колдонуучулардын маалыматын сатпарын, керек учурда колдонуучулар менен байланышарын айтып таң калтырган.

Анын айтымында коопсуздук бөлүмүндө 2018-жылдан тарта 20 миң кызматкер иштей баштайт.