Канн кинофестивалы: Сауд Арабиянын тасмалары алгачкы ирет көрсөтүлөт

Автор -
260

Сауд Арабия алгачкы ирет Канн кинофестивалына катышат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышкан.

Маалым болгондой, Канн  кинофестивалы 8-19-майда өтөт. Анда Сауд Арабия алгачкы ирет бир катар кыска метраждуу тасмалары менен катышат. Мындай чечим аталган өлкөнүн ханзаадасы Мухаммед ибн Салмандын Францияга болгон сапарынан кийин чыккан.

Эл аралык Канн фестивалы — дүйнөлүк мыкты тасмаларды аныктоочу фестиваль. Ал алгачкы ирет 1946-жылы Франциянын Канн шаарында башталып, фестиваль быйыл 71-жолу өткөрүлүп жатат. Бул жылы фестивалга жаӊы өзгөчөлүк  киргизилип, жылдыздарга селфиге түшүүгө тыюу салынган. Ошо менен бирге басма сөз кызматтарына ар жылы көргөзүлчү жабык көрсөтүлүш да жоюлган.