“Профикс-Юг” ишканасындагы кырсыктан жабырлангандар бар

Автор -
225

Кече, 11-апрелде Ленин районунун Лущихин көчөсүнүн №99б дарегиндеги “Профикс-Юг” ишканасынын имаратында олиф боегун атайын идиштерине куюштуруп жаткан учурда жарылып кеткен. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен 1997-жылы туулган М.Т.Ю.  каза болуп, ал эми 1990-жылы туулган Т. у. У жабыркаган.

КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары каза болгон адамдын жансыз денесин имараттан алып чыгып, РИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен, ал эми жабыркаган адам тез жардам кызматы тарабынан №1 шаардык ооруканасына жеткирилген.

Бөлүшүү