Мамлекеттик мүлктүн мурдагы төрагасы СИЗО-1ге киргизилди

Автор -

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурдагы төрагасы Болсунбек Казаковдун баш коргоо чарасы каралып, ал СИЗО-1ге 1 айга киргизилди.  Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Казаковдун ишин Биринчи Май райондук соту карап жатат. Ага карата 304-берене (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 307-берене (менчиктештирүү, салыктык, бажылык же лицензиялык ишти жүзөгө ашырууда кызмат абалын мыйзамсыз пайдалануу) менен иш козголду. Тергөө амалдары улантылууда», — деп билдирилген маалыматта.

Бөлүшүү