Бишкек шаарындагы «Ош базарынан» чыккан өрттөн 5 адам жабыркап, дарыгерлерге кайрылышты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош базарындагы өрттөн жабыркаган өрт өчүрүү кызматынын 5 кызматкери дарыгерлерге кайрылган. Алардын төртөө иске ууланса, бирөө өрттөн денесине жеңил жаракат алган.
Белгилей кетсек, бүгүн Ош баразындагы “Берекет” соода базарынан өрт чыккан. Саат 7:40та өрт чектөөгө алынган. Өрттүн болжолдуу жалпы аянты 2 миң чарчы метрди түзөт.