Ошто УКМК кызматкерлери үчүн үй салына баштады

Автор -

Үй куруу иштери республиканын бардык аймагында жүргүзүлмөкчү.

Бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын Ош шаарындагы кызматкерлери үчүн жаңы турак үйдүн курулушу башталып, капсула салынды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, курулуш президент тарабынан жарыяланган Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында жүрүүдө.

«Салтанатка Ош шаарынын мэри, улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын ардагерлери менен кызматкерлери катышты. Жакын арада УКМКнын 45 кызматкери жаңы конуштуу болот», — деп айтылат маалыматта.

Үй куруу иштери республиканын бардык аймагында жүргүзүлмөкчү.

 

Бөлүшүү