Сооронбай Жээнбеков Мукамбетовду өкмөттүн аппарат жетекчиси кылып дайындады

Автор -
205

Мукамбетов Мурат Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчиси — министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 5-бөлүгүнүн экинчи абзацынын негизинде Мукамбетов Мурат Картайбекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчиси — министри болуп дайындалды.

Бөлүшүү