15-апрелге карата аба ырайы

Автор -
202

Ишемби күнү түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, ал эми күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткендин айрым жерлеринде жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде күндүн табы 20…25 градуска чейин көтөрүлөт. Ысык-Көл менен Нарын облустарында 15…20 градус жылуу болот.

Бишкек менен Ош шаарларында күн ачык болот. Абынын температурасы борбор калаада 22…24, ал эми Ошто 23…25 градус нөлдөн жогору болору айтылды.

Белгилей кетсек, Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратып, кийинки жума башында күндүн көзү бузуларын кабарлады.