Тасмалар адамды жашоого жаӊыдан көз караш менен кароого жардам берет. Saat.kg маалымат агенттиги сиздердин эс алуу күнүӊүздөр мыкты деӊгээлде өтүшү үчүн 10 мыкты тасманын тизмесин сунуштайт.
PS: сунушталган тасмалардын баарын көрүп чыкканбыз.
1+1
Тасманын режиссеру жана актерлору бул фильмде жашоодон алынган окуяны эӊ мыкты даражада ачып беришкен. Мындан сырткары ак менен караны да өз чегинде колдонушуп, комедия менен драманы бирдей деӊгээлде бере алышкан. Чыныгы достукту чагылдырылган фильм.
https://www.youtube.com/watch?v=whTjYy464cY
Отпуск по обмену
10000 чакырым алыста жашаган бейтаныш эки айым социалдык тармактардан таанышып калышат. Таанышуу учурдагы жашоосунан эс алууну каалаган эки айымдын үйү менен башма баш алмаштырууга алып келет. Бир окуя Айрис менен Аманданын жашоосун түп тамыры менен өзгөртөт. Абдан позитивдүү жана жылуулук тартуулоочу тасма.
https://www.youtube.com/watch?v=neMrgYZdqNo
Реальная любовь
Сүйүү чындыгында дүйнөнү башкарат эмеспи, карапайым адамдан премьер-министрге чейин. Тасмада көптөгөн кызыктуу сюжеттик линиялар камтылган алардын бири премьер-министрдин сүйүүсү. Бүтүндөй бир элдин башкаруучусуна сүйүү келсе эмне болоору кызык болсо, бул тасманы көрүӊүз.
https://www.youtube.com/watch?v=X_hhrJ98ZHI
Эта дурацкая любовь
Эс алуу күндөрү жеӊил жана жылмайуу тартуулаган тасмаларды көрүү керек. Мына ошолордун бири «Эта дурацкая любовь» тасмасы. Жашоо бумеранг мына ушул слоган менен тартылган фильмден сиз өзгөчө сезимдерди, маанайды жана өзүӊүзгө жашоо боюнча сабак ала аласыз. Эмма Стоун менен Райан Гослингтин сүйүү мамилесине дагы бир ирет күбө болосуз.
https://www.youtube.com/watch?v=MS2acJLLozU
Под ветвями боярышника
Сөзсүз түрдө кытайдын мыкты режиссерлоруна да токтоло кетүү керек. «Под ветвями боярышника» чыныгы, назик сүйүү, ата-энеге болгон урмат, Мекенге болгон сый дал ушул тасмада сүрөттөлөт. Аруу сезимге толгон тасма эс алуу күнүӊүздү унуткус кыларына шек жок. Баса, жүз арчыӊызды жаныӊызга алып алганыӊыз оӊ.
https://www.youtube.com/watch?v=bjYvneQkBv0
Чудо
Эгерде оор жумуш күндөрүнөн кийин адамгерчилик кайда калды деп ойго батып жатсаӊыз анда «Чудо» тасмасын сунуштайбыз. Тасма 2017-жылы жарык көргөнүнө карабай көптөгөн мыкты ой-пикирлерди топтой алды. Кичинекей жүрөккө канчалык чоӊ сүйүү жана аруулук батарын мына ушул тасмадан көрө аласыз. Фильмди үй-бүлөӊүз менен көрүүнү сунуштайбыз.
Копы в юбках
Бул сенин жумушуӊ эмес, аял деген… Аял деген… Мына ушундай сөздөрдөн тажадыӊызбы жана чын дилиӊизден жылмайып, баардык түшүнбөстүктөрдү бир саамга унуткуӊуз келсе анда «Копы в юбках» тасмасын сунуштайбыз. Тасмада комедия менен бирге драма да камтылган.
Обещать-не значит жениться
Жеке жашооӊуздагы айрым катачылыктар, капачылыктар сизге кийинки кадамды таштооӊузга тоскоолдук болуп жатса дал ушул тасманы көрүӊүз. Анткени, комедиялуу тасма болгонуна карабай айта турчу көп ойду камтыган фильм.
Анан да сөзсүз түрдө бөбөктөрүӊүзгө «Фердинанд» жана ошондой эле «Тайна Коко» тасмаларын сунуштайбыз. Баса, «Тайна Коко» Оскар киносыйлыгында эӊ мыкты анимациялык тасма деп аталган.
«Фердинанд» тасмасынын трейлери.
«Тайна Коко» тасмасынын трейлери.
https://www.youtube.com/watch?v=WEdHli4e_Sw