Тажикстандагы мектептерге кыргыз тилиндеги китептер берилди

Автор -

Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов Тажикстандагы Жерге-Тал районунун кыргыз мектептерине Манас, Семетей, Сейтек, Жеңижок жана башка маанилүү, көлөмдүү китептердин түрлөрүн тапшырды.

Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, китептерди ушул эле айылдын тургуну, активист, “Кут билим” гезитинин кызматкери Жолдош Турдубаев кабыл алды.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү