БУУнун Коопсуздук кеңешмеси Путиндин Сирия боюнча резолюциясын кабыл албай койду

Автор -

Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешмеси батыш коалициясынын Сирияга карата чабуулун талкуулоо үчүн 14-апрелде чукул жыйынга чогулду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Орусия аталган жыйында резолюция долбоорун сунуш кылган. Бул резолюцияга ылайык, АКШнын, Франциянын жана Улуу Британиянын Сирияга карата соккусу сынга алынып, мындан ары куралдуу күчтү колдонуудан баш тартуу талабы коюлган. Бирок резолюциянын долбоорун БУУнун Коопсуздук кеңешмеси колдоого алган жок.

Эске салсак, буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп «Сириянын өкмөтү химиялык курал колдонду» деп Сириянын аймагына сокку урууга буйрук берген.

Сириянын башкы штабынын маалыматына ылайык, батыш коалициясы жарандык жана аскерий объектилерге 110 ракета чыгарган. Жыйынтыгында 3 жаран жабыр тарткан. Ал эми батыш коалициясынын соккусун Орусиянын президенти Владимир Путин «Террорчулук менен күрөшүп жаткан көз карандысыз өлкөгө карата баскынчылык аракети» деп баалаган.