Кол чатырыӊызды унутпаӊыз. Эртеӊ Бишкекте жаан жаайт

Автор -
203

Кыргызстанда 16-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт.

Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Ош, Жалал-Абад облустарында жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, тоо этектеринде, тоолуу райондордо жана Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 10…15;

Таласта түнкүсүн 7…12, күндүз 10…15;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 14…19;

Баткенде түнкүсүн 9…14, күндүз 14…19;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 3…8, күндүз 13…18;

Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18 градуска чейин жогорулайт.

Бишкекте 16-апрелде мезгил-мезгили менен нөшөрлүү жаан жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10, күндүз 13…15 градуска чейин жылуу болот.