Америкалык окумуштуулар аялдарды зордуктоодон жана тоноодон коргой турчу атайын билерик жасады. Бул тууралуу Sputnik.kg Алабама университетинин расмий сайтына шилтеме берип жазып чыгышты.
«Кооптуу кырдаал болгон учурда 911 кызматын чакыруу үчүн атайын тиркемени колдонуп же атайын баскычты басканга туура келет. Башына иш түшкөн киши буларды да жасай албай калышы толук ыктымал», — деген пикирин изилдөө тобунун мүчөсү Рагиб Хасан билдирди.
Андыктан окумуштуулар жогорудагы көйгөйдү чечүү үчүн атайын билерик жасаган. Ал аялга кол салуу же зордуктоого аракет болгон учурда Bluetooth аркылуу телефонго байланышып, тийиштүү кызматтарга кабар берет.
Билекке тагылчу буюм кишинин жүргөн жерин, ордунда турганын же жерге жатып калганын да аныктай алат. Ошондой эле билериктен катуу үн чыгат, бул өз кезегинде башкалардын да көңүлүн бурат.
Окумуштуулар аталган билерик майыптар менен кары-картаңдарга да пайдасы тиерин айтышууда.