Бишкектин айрым райондорунда көгүлтүр от берүү токтотулат (Тизме)

Автор -
205

«Газпром Кыргызстандын» ЖЧКсы оңдоо иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу, Борбор каалабыздын айрым райондорунда жаратылыш газын берүү токтотулат. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстандын» басма сөз кызматы билдирди.

Көгүлтүр от өчүрүлүүчү райондор:
— 16-17-апрелде «Достук» кичи районунда, Куренкеев көчөсүндө, Александровский чакан көчөсүндө.
— 18-19-апрелде Маевка айылында.

Маалыматка ылайык, оңдоо иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.