Дамирбек Асылбек уулу депутаттык мандатынан ажыратылды

Автор -

Казакстанда аткезчиликке айыпталып камалган «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Дамирбек Асылбек уулунун депутаттык мандаты токтотулду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Асылбек уулунун казак жарандыгы бар экендигин тастыктаган документтер БШКга түшкөн. Дал ушул документтердин негизинде шайлоо комиссиясы 16-апрелдеги жыйында Дамирбек Асылбек уулун мандаттан ажыратуу тууралуу чечим кабыл алды.

Асылбек уулунун ордуна «Кыргызстан» партиясынын тизмесиндеги Руслан Чойбеков келди.

Быйыл 15-16-февралда Казакстанда аткезчилик боюнча шектүү катары 29 киши кармалган. Алардын арасында Кыргызстандын үч жараны, Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу да бар экени белгилүү болгон.