Кочкордогу жол кырсыгынан жөө жүргүнчү мерт кетти

Автор -
343

Кочкор районун Ак-Жар айылында 15-апрелде, саат 19:57 чамасында «Ауди-100 С4» үлгүсүндөгү мамлекеттик №В77-91V жеңил унаанын айдоочусу жолдо бараткан жөө жүргүнчүнү сүзүп, андан кийин бакты сүзүп жаракат алган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыктын кесепетинен 1974-жылы туулган Б.Э аттуу жөө жүргүнчү жеринде каза болгон, ал эми 1960-жылы туулган  айдоочу К.Сны  медициналык тез жардам кызматы ооруканага алып кеткен.

КР ӨКМнин №42-өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары каза болгон жөө жүргүнчүнүн жансыз денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.