Кончита Вурст ВИЧ-инфекциясын жугузуп алганын айтты

Автор -

Австриялык артист  Кончита Вурст деген ысым менен белгилүү болгон Томас Нойвирт ВИЧ-инфекциясын жугузуп алгандыгы белгилүү болду. Бул туурасында lenta.ru ырчынын  Instagram баракчасына шилтеме берип жазып чыкты.

Анын айтымына караганда, ВИЧ инфекциясын жугузуп алгандыгын дарыгерлер ага бир нече жыл мурда эле кабарлаган. Ырчынын минтип дартын элге жар салуусуна мурунку сүйүктүүсү «ооруңду элге жаям» деп коркута бергени себеп болуптур.

«Мени эч ким коркута албайт жана менин жашоомо таасир этем дегендерге жол бербейм», — деп ырчы  өз инстаграм баракчасына жазган.

https://www.instagram.com/p/BhmiEn7hw58/?taken-by=conchitawurst

Австриялык артист 2014-жылы Копенгагенде өткөн «Евровидение» музыкалык сынагында сакалчан аялдын образында чыгып, сенсация жараткан. Буга коомчулук ар кандай пикирлерин билдирип, бир катарлары айыптай тургандыгын айтышса, бир тобу жактап чыккан.