20-апрелге чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт, бул күндөрү мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү түшөт.
17-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Чүй өрөөнүндө жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 13…18;
Таласта түнкүсүн 2…7, күндүз 12…17;
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20;
Баткенде түнкүсүн 4…9, күндүз 15…20;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19 градуска чейин жогорулайт.
Бишкек шаарында 17-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7, күндүз 16…18 градуска чейин жылуу болот.