АКШнын Сириядан чыгышы үчүн 3 шарты бар

Автор -

АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли, Сириядагы Американын аскерлеринин чыгып кетиши үчүн 3 шартты жарыялады.

«Сириядан 3 нерсени ишке ашырбастан чыга албайбыз. Химиялык курал колдонуусуна уруксат бере албайбыз. ДЕАШтын толугу менен жеңилиши зарыл жана Ирандын аймакка үстөмдүк кылбаганына ишенишибиз керек»,-деп билдирди Хейли.

Никки Хейли, Американын CBS телеканалына күн тартип туурасында суроолорго жооп берди.

АКШнын Сирияда режим менен учурдагы абалда эч качан жолугушпай турганын белгилеген Хейли, АКШнын Сирияда аскерлеринин турушуна карай да, «Максат, АКШнын бөлүктөрүнүн үйгө кайтышы, бирок Сириядан үч нерсени ишке ашырбастан чыга албайбыз. Өзгөчө химиялык курал колдонуусуна уруксат бере албайбыз жана бул үчүн күрөшөбүз. Террордук уюм ДЕАШтын толугу менен жеңилиши зарыл жана үчүнчү максатыбыз Ирандын аймакка үстөмдүк кылбаганына ишенишибиз керек»,-деп айтты.

 

Бөлүшүү