Депутат Эмил Токтошев бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештеги оппозициялык фракциялар өкмөттүн отчётун кароодо, Сапар Исаковдун Тогуз-Торо боюнча маселеде бийлик башындагылар карапайым элге барып жолукпай жатканын жана эл дагы митингге чыгарын билдирди.
«Мен ушул жылдын февраль айында Тогуз-Тородо болгон митинг боюнча эскерткен болчум. Бүгүн болсо митингге активдүү катышкан 15 адам кармалып Бишкеке алып келиниптир. Элдер дагы митингге чыгабыз деп жатат»,- деп билдирди депутат.
Ал эми премьер-министр Сапар Исаков Тогуз –Тородогу окуясы боюнча азырынча изилдөө иштери жүргүзүлүп жатканын жана кылмышка шектүүлөр жазасын аларын айтты.
«Эгер алар чын эле өрт чыгарган болсо анда соттун алдында жооп бериш керек. Биз алтын өндүрүш компаниясынын ишин токтотконбуз. Эгер кармалгандар күнөөлүү болсо анда келтирилген чыгымдарга жооп бериш керек»,-деп билдирди Исаков.
Белгилей кетсек, бүгүн Тогуз- Торо окуясы боюнча митингге активдүү катышкан 15 адам кармалып, аларга карата 234-берене (бейбаштык), 174-берене (мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу) жана 233-берене (массалык тартипсиздик) менен кылмыш иши козголгон.