Кыргыз дзюдочулар Кытайда өтө турган «Hohhot Grand Prix 2018» мелдешине катышат

Автор -

Кыргыз дзюдочулар Кытайдын Хух-Хото шаарында 25-27-май аралыгында өтө турган «Hohhot Grand Prix 2018» мелдешине катышат.

Аталган мелдеште 20 өлкөдөн 124 спортчунун катышуусу күтүлүүдө. Кыргыз өлкөсүнөн мелдешке 6 спортчу барып медалдар үчүн күч сынашмакчы. Алардын ичинде ири мелдештердин жеңүүчүлөрү Бекболот Токтогонов, Юрий Краковецкий, Отар Бестаев жана башкалар.

Кыргыз курама командасынын тизмеси:

60 килограммга чейинки салмак ченинде: Отар Бестаев;

66 килограммга чейинки салмак ченинде: Артур Тё;

73 килограммга чейинки салмак ченинде: Бектур Рысмамбетов;

81 килограммга чейинки салмак ченинде: Владимир Золоев;

100 килограммдан жогору салмак ченинде: Юрий Краковецкий, Бекболот Токтогонов.

Бөлүшүү