Бүгүн, 17-апрелде Тогуз-Торо районунун 100дөн ашык тургуну Ак Үйдүн алдына митингге чыкты. Алар милиция тарабынан кармалып Бишкекке алып келинген район тургундарын бошотууну талап кылышууда. Митингге чыккандар колдоруна «Бейкүнөө элдерге боштондук», «Биздин үнүбүздү уга турган чоңдор бар бекен?» деген жазууларды көтөрүп алышкан.
Учурда алар менен Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Бакыт Сеитов жолугушту. Ал билдиргендей, 16-апрелде 14 адам, бүгүн эртең менен бир адам кармалып келинди.
«Жалпы 150 адам суралып, 15 адам Бишкекке алып келинди. Алардын үчөө аял киши болсо, калгандары эркектер. Бир кыз 18 жашта, калганы 20 жаштан жогору. Бул жакка алып келгенибиздин себеби иш резонанс жараткандыктан калыс тергелүүсү керек», — деди Сеитов.