УКМК телефондук «террористти» кармады

Автор -

Өзүн президенттик аппарат жетекчилеринин биримин деп тааныштырып, Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүн телефон чалуу аркылуу коркуткан жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүү 16-апрелде кармалган.

«Кармалган жаран 34 жаштагы Э.Д. аттуу жаран. Ал 12-апрель күнү Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнө жана Ысык-Көл өнүктүрүү фондун башкаруу дирекциянын директоруна телефон чалып коркуткан. Анда Э.Д. бийлик өкүлү болуп телефондук сүйлөшүүсүндө Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондунун каражаттарын ыйгарып алуу фактысы боюнча кылмыш ишинин фигуранты болгон башкармалыктын мурдагы директорунун орун басарын кайрадан өз ордуна алып келүүнү талап кылган»,— деп билдирет басма сөз кызматы.

Учурда УКМК бийлик өкүлдөрүнүн атынан ушундай шектүү телефондук чалуулар болсо, жарандарды сак жана этият болууга чакырып, ошол эле замат укук коргоо органдарына кайрылууга чакырат.