Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештеги Республика-Ата Журт», «Ата Мекен», «Өнүгүү-Прогресс» фракциялары өкмөттүн отчётун карап жатат.
Жыйында «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Бакыт Төрөбаев менен Өкмөт башчы Сапар Исаковдун ортосунда кайым актышуу болду.
Төрөбаев Исаковтун Тогуз-Торо боюнча берген интервьюсуна токтолду.
«Сиз, Тогуз-Тородо болуп өткөн окуя боюнча берген маегиӊизде бул кылмыштын артында саясатчы турат жана мен алардын ким экенин кийин айтам деп билдирипсиз. Эгерде сизде маалымат болсо ачык эле айта бериӊизда»,-деп билдирди Бакыт Төрөбаев.
Ага Исаков : «Бул менин укугум. Мен өзүм билем качан айтыш керек экенин»-, деп жооп кылды.
«Анда саясатчылар турат деп айтпай жүрө бериӊиз. Бул жерде отургандардын баары саясатчы. Ачык айтам деп келгенсиз бул кызмат ордуна. Биз да билгибиз келет»,-деп кошумчалады Төрөбаев.
«Азыр Кыргызстандын баары эле саясатчы болуп кетти»,- деп жооп берди Сапар Исаков.
Видеону 41:51 мүнөттөн көрө аласыз.
Булак: Азаттык