ЖКнын жыйынында Бакыт Төрөбаев менен Сапар Исаков кайым айтышты (Видео)

Автор -
542

Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештеги Республика-Ата Журт», «Ата Мекен», «Өнүгүү-Прогресс» фракциялары өкмөттүн отчётун карап жатат.

Жыйында «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Бакыт Төрөбаев менен Өкмөт башчы Сапар Исаковдун ортосунда кайым актышуу болду.

Төрөбаев Исаковтун Тогуз-Торо боюнча берген интервьюсуна токтолду.

«Сиз, Тогуз-Тородо болуп өткөн окуя  боюнча берген маегиӊизде бул кылмыштын артында  саясатчы турат жана мен алардын ким экенин кийин айтам деп билдирипсиз. Эгерде сизде маалымат болсо ачык эле айта бериӊизда»,-деп билдирди Бакыт Төрөбаев.

Ага Исаков : «Бул менин укугум. Мен өзүм билем качан айтыш керек экенин»-, деп жооп кылды.

«Анда саясатчылар турат деп айтпай жүрө бериӊиз. Бул жерде отургандардын баары саясатчы. Ачык айтам деп келгенсиз бул кызмат ордуна. Биз да билгибиз келет»,-деп кошумчалады Төрөбаев.

«Азыр Кыргызстандын баары эле саясатчы болуп кетти»,- деп жооп берди Сапар Исаков.

Видеону  41:51 мүнөттөн көрө аласыз.

Булак: Азаттык 

Бөлүшүү