Эртең, 19-апрелде саат 9:00-19:00 аралыгында борбор калаанын айрым жерлеринде ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, буга «Батыш-2» суу түтүкчөсүндөгү оңдоо жана техникалык тейлөө иштери себептүү.
Суу берүү токтотулуучу жерлер:
— Фучик, М.Фрунзе жана Ч.Айтматов атындагы кең көчөдө;
— №31, 13, 8, 2, 9-мектептер;
— №8, 22, 72, 164, 165, 167, 51, 3 жана 73-балдар бакчасы,
— «Балдарды коргоо борбору»;
— «Арпа» ААКсы;
— «Ош базары» ЖЧКсы;
— «Берекет-Гранд»;
— «Берекет-Универсал», «Берекет», «Берекет» ЖАКсы соода копмлекстери;
— Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясы;
— Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы;
— №2-клиникалык төрөт үйү;
— Бишкек троллейбус башкармалыгы;
— №1-шаардык клиникалык оорукана;
— 4-аскердик бөлүктүн Өрткө каршы мамлекеттик кызматы;
— Ленин райондук администрациясы;
— Бишкек финансы экономикалык академиясы;
— «Кыял» бирикмеси;
— Кыргыз Эл аралык университети;
— Батыш РЭК;
— Кыргыз Орус-Славян университетинин медициналык факультети;
— Ленин райондук соту;
— Ж.Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы.