ИИМ: 20дан ашык батирди тоногон киши кармалды

Автор -
263

Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жыйырмадан ашык батирлерди, турак жайларды тоногон адам кармалды.

Ички иштер министрлиги билдиргендей, 28 жаштагы Нарын облусунун тургуну уурулукка жана талап-тоноого байланыштуу мурда бир нече жолу соттолгон. Акыркы учурда узак убакыт бою жеке үйлөрдөн акча жана башка баалуу буюмдарды уурдап кетип жүргөн. Ал үйлөргө адатта балкондордон жана ачык терезелерден кирген.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (“Уурулук”) менен кылмыш иши козголду. Кармалган адам ИИМдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда анын башка да иштерге тиешеси бар-жогу иликтенүүдө.

 

Бөлүшүү