Бүгүн, 18-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында «Республика-Ата Журт» фракциясынын депутаты Махабат Мавлянова:«Ош базарынан» чыккан өрт атайлап жасалган болушу мүмкүн», — деп билдирди.
Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов аталган базарда болгон акыркы өрт жөнүндө 50 мүнөттөн кийин билдирүү түшкөнүн баса белгиледи.
«Ички иштер министрлигинин маалыматында айтылгандай, атайлап өрттөө тергөө жүрүшүндөгү бир божомол. «Ош базарындагы» өрт түнкү саат үчтө башталса, ал жөнүндө билдирүү 3:50дө түшкөн. Ошончо убакыт өрттүн күчөшүн күтүп тургандай туюм калтырат. Өрт үч тараптан бир маалда башталганы ушундай ойго түртүүдө. Эми анын чындыгын тергөө амалдарынын жыйынтыгы көрсөтөт»,- деп билдирди Боронов.