Орозонун так күнү белгилүү боло элек

Автор -
268

«Орозонун так күнү белгилүү боло элек. Орозонун башталышын азыр айтуу кыйын.  Себеби  бул айдын жаӊырышына карап белгилүү болот»,-деп билдирди Муфтияттын басма сөз кызматы.

Ошо менен бирге орозонун календарлары даярдалып жатканын кошумчалады.

Мусулмандарда Мухаммед  пайгамбарга Куран китеби түшкөндөн кийин, орозо кармоо менен Орозо айт майрамы белгилене баштаган. Бул майрамды мусулмандар “орозо аяктады. Ден соолук жактан да, руханий жактан да тазаландык. Эң негизгиси, беш парздын бирин аткардык” деп майрамдашат.