Токтогулда дайынсыз жоголгон 21 жаштагы бала изделүүдө

Автор -
378

Токтогулда дайынсыз болгон 21 жаштагы Чоң-Арык айылынын тургуну изделүүдө.

ӨКМ басма сөз кызматы билдиргендей, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда алдын ала алынган маалымат боюнча, 2018-жылдын 11-апрелинде Кетмен-Төбө айыл аймагындагы Чоң-Арык айылынын тургуну 1997-жылы туулган Табылды уулу А. үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгон.

Учурда  издөө иштерине КР ӨКМден 11 куткаруучу, РИИБден 25 кызматкер, суу чарба башкармалыгынан 10 кызматкер, РЭТ мекемесинен 6 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 70 адам, жалпы 122 адам тартылды.