Жалал-Абад: Канализация түтүктөрүндө ойноп, чыгалбай калган окуучу куткарылды

Автор -

Жалал-Абал шаарынын Курманбек көчөсүндөгү жолдун жээгинде жайгашкан канализация кеткен түтүктөрдө мектеп окуучулары ойноп жатып, бирөө чыга албай калган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 17-мартта болжол менен саат 12:25 чамасында болгон.

“Түшүп кеткен мектеп окуучусун КР ӨКМнин №58-өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары чыгарышып, баланы ата-энесине тапшырган. Бала эч кандай жаракат алган эмес”,-деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү