Америкалык  рэп ырчы  Кендрик Ламар «Пулитцер-2018» сыйлыгына ээ болду

Автор -
216

Америкалык 30 жаштагы рэп ырчысы Кендрик Ламар «Пулитцер-2018» сыйлыгына ээ болду. Аталган сыйлыктын тарыхында биринчи жолу рэп ырчысына берилип жатканын чет өлкөлүк маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Кендрик Ламар 2017-жылы жарыкка чыккан “DAMN “ аттуу ыр жыйнагы үчүн аталган сыйлыкты алган. Хип-хоп жанрындагы аткаруучу “Эң мыкты музыкалык чыгармасы үчүн” деген наамга татыган. Буга чейин бул наам классика жанрында ырдаган аткаруучуларга гана ыйгарылып келген.

«Пулитцер» — АКШда адабият, музыка, театр жана журналистика жаатында ыйгарылуучу сыйлык. 1911-жылы эң белгилүү медиа магнат Жозеф Пулитцер көз жумган. Магнат 1903-жылы көзү тирүү кезинде жазып кеткен керээзи боюнча ал көз жумган соң анын атындагы фонд негизделген. Ошол 1903-жыл — «Пулитцер» сыйлыгынын негизделген жылы болуп эсептелет.

Бөлүшүү