Бишкекте музыкалык аспаптардын аллеясы пайда болот

Автор -
309

Бишкекте музыкалык аспаптардын аллеясы пайда болот. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-апрель күнү саат 16:00дөн 18:00гө чейин Жаштар аллеясында атайын шаар тургундары үчүн музыкалык аспаптар орнотулат. Аталган аспаптарды орнотуу шаарды өнүктүрүү агенттиги жана «DVV International Kyrgyzstan» тарабынан уюштурулган. Ар бир каалоочу глюкофон, трубофон, ксилофон жана ковбеллде өзүнүн талантын көргөзүп, ойной алат.

Көптөгөн чет өлкөлөрдө,эл көп болгон көчөлөрдө күн сайын ар кандай оюн-зооктор, көргөзмөлөр уюштурулуп турат. Бул иш-чараларда шаар тургундары активдүү катышып бийлеп, ырдап гана тим болбостон колдо бар каражаттардан (айнек же хрусталь стакандар, желим бөтөлкөлөр, чакалар) музыкалык аспаптарды жасап алышып ар кандай чыгармаларды ойношот.