Бишкектин дагы бир көчөсү жабылат

Автор -

Бишкектеги Кулатов көчөсүндөгү жылуулук өтүүчү куурлар оңдоло тургандыктан жолдун жарымы автоунаа үчүн жабылат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, 20-апрелден тарта Кулатов көчөсү Айдаралиевден Ош көчөсүнө чейин жабык болот.

Жылуулук куурлары 29-майга дейре оңдолот. Бишкек мэриясы айдоочуларга жүрө турган жолду аллдын ала белгилеп алууну эскертет.

Бөлүшүү