Кол чатырыӊызды унутпаӊыз. Эртеӊ өлкөбүздүн айрым жерлеринде жаан жаайт

Автор -
237

21-апрелге чейин Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде 0…-2° үшүк жүрөт. 19-20-апрелде күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

20-апрелде аба ырайы туруксуз болуп, мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү түшөт. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Абанын температурасы:

Чүй менен Таласта түнкүсүн 0…-1, күндүз 16…21;

Баткенде, Ошто жана Жалал-Абадда түнкүсүн 2…7, күндүз 16…21;

Ысык-Көл менен Нарында түнкүсүн 0…-2, күндүз 8…13 градуска чейин жогорулайт.

Ал эми Бишкек шаарында 20-апрелде жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 1-6 м/с түзөт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 0…-2°, күндүзгү жогорку температурасы 18…20° градус болот.